www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-декабрда Бишкек шаарында карызы бар 6 200дөн ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Андыктан уюм жарандарды карыздан кутулууга чакырат.

Керектөөчүлөр компаниянын сайтындагы "Абоненттик баланс" бөлүмүнөн өзүнүн жеке кабинетин таап, андан эсепти текшере алышат. Мындан тышкары, эсепти күнү-түнү иштеген call-борборго 1209, (0772/0702/0556) 00-12-09 номерлери аркылуу чалып же (0556) 00-12-09 WhatsApp номери аркылуу байланышып билсе болот.

Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSTС (Kassa-24), MegaCom, О!, "Оңой" төлөм терминалдары (анын ичинде О!, MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары), РСК банкы, "ДосКредо банк", "Керемет банк", "Бакай банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы, "Халык банк", KICB, "Оптима банк", ошондой эле "Кыргыз почтасы" аркылуу төлөөгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости