www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 1-майында Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өттү.

Веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында марага жетишти. Маршруттун жалпы узундугу 5,5 км түздү.

Иш-чарага кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген шаар тургундары да катышты. Жалпысынан 2000ден ашуун велосипедчи катышты. Марада коноктор үчүн көңүл ачуучу программа уюштурулду.

Веложүрүшкө Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, ал катышуучулар менен бирге баштан аягына чейин бардык аралыкты басып өттү. Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана шаардык кызматтардын жетекчилери да катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө шаар башчысы мэрия спортту өнүктүрүүнү туруктуу колдоп, велосипедчилер үчүн шарттарды түзүп жатканын, шаардагы веломаданиятты калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле майыптыгы бар  катышуучуга кайраттуулугу үчүн акчалай сыйлык тапшырылды.

Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ), тез жардам унаалары жана ыктыярчылар тартылды. Велоколонна жол эрежелерин сактоо менен  коопсуз түрдө жылып, көрсөтүлгөн жерге жетип келишти.

Спорттук иш-чараны  Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Бишкек шаарынын велоспорт федерациясы уюштуруп, велосезондун ачылышын салтанаттуу өткөрүштү.

 

Последние новости