www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 30-апрелинде жааган нөшөрлүү жаан-чачындын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары ички сел каналдарына батпай, Манас шаарында 40тан ашуун турак жайдын короолорун каптаган.
Тилсиз жоонун кесепеттерин жоюу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы ыкчам түрдө тартылып, жабыркаган аймактарда тынымсыз иш алып барышты.
Аскер кызматкерлери сел калдыктарын тазалоо, турак жайлардын короолорун калыбына келтирүү, тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында кызмат өтөп, жарандарга жардам көрсөтүштү.
Кыйын кырдаалда өздүк курам жогорку тартипти, ыкчам аракетти жана чыныгы эрдикти көрсөтүп, жүктөлгөн милдеттерди так жана жоопкерчиликтүү аткарышты. Алардын күжүрмөн эмгеги, элге болгон камкоордугу жана кесипкөйлүгү өзгөчө белгилөөгө арзыйт.
Белгилей кетсек, мындай кырдаалдарда калкты жана аймактарды коргоо Ички аскерлердин негизги 8 тапшырмасынын бири болуп саналат.