www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жоголуп кеткен аялдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-март күнү Бишкек-Ош  жолундагы Кара-Балта суусунда зордук-зомбулуктун белигилери бар 48 жаштагы аялдын сөөгү табылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын биридиктүү реестрине “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча катталган.  Аял Бишкек шаарынын Свердлов районунда белгисиз жоголгон деп катталганы маалам болду.

Борбор калаадан 28 жаштагы эки шектүү кармалды. Учурда алар СИЗО №1ге киргизилди. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кармалган адам аялга карыз болгону үчүн өлтүргөнү маалым болду.

Тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости