www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашоо - бул жол. Кимдир бирѳѳлѳр үчүн бул жер булочка саткан дүкѳнгѳ барып келүү менен эле бүтсѳ дагы бирѳѳлѳр үчүн жер шарын кыдырган саякатка айланат экен. Жашоонун маңызы, сиз баскан жолдор тууралуу маегибизди баштасак...

- Адам тагдырынын негизин, жашоого болгон кѳз карашын жаштайынан түптѳйт деп ойлойм. Ата-эненин, мугалимдердин "адам бол" деп берген таалим-тарбиясы бул биздин келечекке болгон кѳз карашыбыздын пайдубалы деп билем. Анткени биз баскан жол мына ошол кечээги алган билимибиздин, келечекке койгон максаттарыбызга болгон аракетибиздин жемиши менен салынган. Андай болсо, жашоонун маңызы ѳзүң түзгѳн жол менен кѳздѳгѳн бийиктиктерди багындырып, ийгиликтерди жаратуу деп айтсак болот. Бирок, мезгил ѳткѳн сайын дѳѳлѳттѳр да, кѳз караш да ѳзгѳрѳт, адам таанымы ѳзүнѳ башка түшүнүктѳр системасынын жаңы мейкиндигин издейт. Жараткандын пенде баласына берген эң жогорку шыбагасы ѳмүр деп билсек, демек, биз анын баасын да, баркын да таразалай алышыбыз керек... Анткени адамдын кыялы, үмүттү мезгилге таандык. Ошондуктан жашоонун маңызы тирүүлүктѳ!

-Бала кезде келечекте ким болом деп кыялданат элениз?

-"Райкомдун катчысы болом" деп кѳп айтаар элем. Ал убакта мамлекеттик кызматтын кадыр-баркы бийик болчу. Бирок, адамдын кыялы, ой-чабыты мезгилге да жараша болот. Менин кыялымдын түшүнѳ турган жагдайы ушул эле, ал кезде бул укмуштуу абройлуу кесип болчу...

-Кыялдар үмүткѳ, үмүттѳр максатка айланганда идеялар ишке ашат деп айтышат. Идеяларыңыз ишке ашпай калган учурлар барбы, бул боюнча жаштарга кандай кеңеш айтар элеңиз?

-Жаңы иш баштап аны аягына чыгарбай, ара жолдо калтырып коюу бул менин табиятыма туура келбейт. Бирок кээде ушундай учурлар болот жаныңда жүргѳн, же сени курчап турган чѳйрѳнүн таасиринен алдыга койгон максаттарың ишке ашпай калышы мүмкүн. Элибизде жакшы сѳз бар эмеспи "душман алыстан келбейт" деген. Анын сыңарындай ичи тар, кѳрѳ албас, арттан бычак урган жандар жаныбызда эле жүрѳт. Анан ѳз жашоосун эптей албаган, жашоодо жолу болбогон жалкоо адамдар гана башка бирѳѳнүн турмушуна саресеп салып, анын ийгилигине ичи күйүп ѳмүр сүрѳт экен. Ѳз тагдырын жаза албаган жандар гана алгач башка бирѳѳнүн ѳмүрүнүн окурманы, анан сынчысы, аягында анын ийгиликтеринин душманы болуп чыга келет. Ошондуктан мен жаштарга "ѳзгѳ ѳмүрдүн окурманы болгуча, ѳз өмүрүңөрдүн жазуучусу болгула" деп айтаар элем

-"Тагдыр сыноосу ар бир адамдын башында бар" деп айтышат. Мындай сыноого сиз дагы кабылдыңыз беле? Ѳткѳн ѳмүрүңүзгѳ саресеп салып кѳрбѳйсүзбү?

-Эгерде менин ѳмүрүмѳ кѳз чаптыра турган болсок, менин жашоом деле сыдыргыга салгандай түз болгон жок. Албетте, мен жеткен бийиктиктер болду. Бирок ал ийгиликтерди бут тосуу, жалган жалаа, каралоо, кѳрѳ албастык коштоп жүрдү. Мунун баарын тагдыр сыноосу дейбизби!? Эгер тагдыр сыноосу десек, анда мен бул сыноодон мүңкүрѳп сынып калган жокмун. Мындай кырдаалдан майтарылбай чыгуу үчүн алдыга койгон максаттарың бийик, таза болсо гана бардык кыйынчылыктарды жеңе аласың. Тагдыр сындыра албаганды адамдар эч качан сындыра албайт!-дейт коомдук ишмер Ахматбек Келдибеков “Жетиген” журналына берген маегинде. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости