www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун өлкө ичине киришин алдын алуу максатында Ош шаарында  Ата-Мекендик бет каптар  тигиле баштады. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка таянсак, медициналык бет каптар эл аралык санитардык талапка ылайык жасалып жатат. Ал эми ишкана күнүнө 10 000 (он миң) дана  бет кап чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. 

Буга чейин кийим-кечек тигип келген ишканадан эми медициналык беткаптар даярдалып, дарыканаларда сатылууда.

“Өзүбүздүн мекенибизге пайдабыз тийсин деп, негизги иштерибизди токтотуп коюп, бет каптарды тигип баштадык”,-деди ишкананын директору Талант Масеев.

Ошондой эле ишканада санитардык көзөмөл күчөтүлүп, жумушчулар тыкыр текшерүүдөн өтүүдө.
Даяр болгон продукция (маска) дагы бир жолу текшерилип, жогорку температурада үтүктөлүп андан соң таңгакталат.

Белгилей кетсек, ишкана “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” арналып ачылган.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости