www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага, 16-марттан тарта карантинге жабыла турган болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Мындай чечим бүгүн, 14-мартта, Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды.  

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги мектеп жана ЖОЖдордо билим алуучулардын 95 пайызы сабакка катышып жатканын айтып, карантин жарыялоо үчүн окуучулардын 25 пайызы келбей калышы керектигин билдирген эле. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости