www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялын катуу сабап, баласын алып качкан кишиге чара көрүлүшү керек. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытовдун билдирүүсүндө айтылды.

Сабалган келин КРнын акыйкатчы аппаратынын аялдардын, балдардын укугун коргоо бөлүмү тарабынан коргоого алынды.

Күйөөсү тарабынан сабалган келин баласын атасына көрсөтүү үчүн жолугушууга барган. Көрүшүүдө күйөөсү аялын катуу сабап, баласын алып качып кеткен.

Белгилей кетсек, аталган жолугушууга келин жана анын баласы менен барууга Октябрь районунун ички иштер бөлүмунун кызматкери бөлүнгөн. Бирок, окуя болгон учурда укук коргоо кызматкери жок болгон. Учурда анын кайда болгону такталууда.

Кеч киргенде кичинекей бала табылып, апасына кайтарылды.

Катуу сабалган келин сотмедэкспертизадан өтүп, учурда жыйынтыгын күтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости