www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы аба каттам кайра жанданып, алгачкы учактар 14, 21, 28-август күндөрү учмай болду. Бул тууралуу КРдин Дубай шаарындагы башкы консулдугунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Дубай — Бишкек — Дубай" каттамы аптанын жума күндөрү аткарылып, алгачкы учак 14-август күнү абага көтөрүлөт. Жүргүнчүлөр аэропортто COVID-19га акысыз экспресс-тест тапшырып сапарга чыгат.

Ал каттам менен кимдер Кыргызстанга келе алат:

  • Кыргызстандын жарандары;
  • КР жарандарына жакын тууган болгон чет элдиктер (күйөөсү же аялы, балдары, ата-энеси);
  • Кыргызстандын эмгек визасы бар чет мамлекеттин жарандары;
  • КРде катталган дипломатиялык өкүлчүлүктүн, элчиликтин, эл аралык уюмдардын кызматкерлери;
  • Чет элдик расмий делегациянын мүчөлөрү.

Жогорудагы тизмеге туура келбеген тараптар Кыргызстанга учуп келе алышпайт. Дубай шаарындагы аэропорт аркылуу транзит менен учкан адамдардын колунда коронавируска ташпырган тесттин жыйынтыгы болушу керек.

Ал эми Бишкектен Бириккен Араб Эмирлигине учкан кыргыз жарандары бара турган өлкөнүн миграция кызматынан уруксат алышы абзел. Андан сырткары, коронавирустун жок экендигин тастыктаган медициналык бүтүм керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости