www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы азыркы тапта борбор калаанын бир нече көчөсүнүн жолу оңдолуп жатканы тууралуу кабарлады.

Мэриянын билдирүүнө ылайык, Пушкин көчөсүнүн Павловдон Бейшеналиевага чейинки бөлүгү, Бобулов көчөсүнүн Чүй проспектинен Пушкинге чейинки, Үсөнбаев көчөсүнүн Бөкөнбаевден Токтогулга чейинки, Ибраимов көчөсүнүн Жибек Жолунан Күрөңкеевге чейинки, Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Токомбаевден Сухэ-Баторго чейинки бөлүгү оңдолуп жатат. Жалпысынан 2,8 чакырым жолго жаңыдан асфальт төшөлөт.

Ал эми Беларусь, Осмонов, Аэропорт, Муса Жалил, Аул, Көкчетау, Түлөбердиев, Тыныстанов, Ашхабад жана Краснодон көчөлөрүнүн жолу болсо  капиталдык оңдоодон өтүп бүткөндүгү айтылат. Алардын жалпы узундугу 5 чакырымды түзгөн.

Ошондой эле мэрия шаардыктарды автоунаа жолун, веложол жана тротуарларды оңдоо маселеси боюнча "Бишкек асфальт сервис" ишканасына кайрылууга чакырат. Телефон номери: 0555 888 161.


Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости