www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү 693 мектепти кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке туташтырып  жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов кабарлады.

Мааыматка караганда, бул мектептер буга чейин демөөрчүлөрдүн жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен ар башка провайдерлер жана түрдүү жолдор менен интернетке туташтырылып келген. Мындан улам айрымдарына интернеттин ылдамдыгы начар болуп, кээ бирлеринде абоненттик төлөм боюнча  көйгөй да пайда болгон.

Министрлик тендер өткөрүп, учурда бул мектептердин 509у кайрадан жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернетке кошулду. Калгандары боюнча иштер дагы уланууда.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу буга чейинки окуу жылы аралыктан окутуу менен жыйынтыкталган болчу. Жаңы окуу жылында биринчи класстар гана мектепке барып окуп жатышат, калгандары баары аралыктан билим алууда деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Белигилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан эки миңден ашуун мектеп бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости