www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Унчукпай койо албаймын....

“Ар бир доор адамга таандык. Доорду адамдар жаратат, алар доордун күзгүсүнө айланат. А, балким кыргыз коомун, кыргыз доорун Саламат Садыкованын ырларынан айрып алгыс түшүнүк жоктур... Саламат Садыкованын өмүр-жашоосу да ыр сыяктуу түбөлүктүн конгуроосундай ар бир адамдын жүрөгүнө улуу тирүүлүктүн шооратын кагып келет.” - деп таланттуу жазуучубуз Султан Раев жазгандай, Саламат айым тээ алыскы 80-жылдарда Таластагы Киров элдик театрында иштеп жүргөн кезинен бери анын өнөрүн терең сыйлайм, анын Кудай берген талантына таазим этем.

Керт башым "андай сөздү айткан жок элем..." дегенине, ошондой болсо да, журтту улук тутуп, кечирим сураганына карабай эл ырчысына ашкере асылгандарды, анын дарегине жаман сөз ыргыткандарды сабырга чакырам. Азыркы технологиялар заманында айтпаганды айттырып, дебегенди дедиртип коюш ою бузуктар үчүн опоңой иш экенин жакшы түшүнүп туруп, осол ишке барбагыла демекчимин.
Бирок ушул сыяктуу көрүнүштөр күндөлүк турмушубузда болуп эле жүргөнүн биле туруп, унчукпай койо албадым.

Эмесе, кеп маселенин төркүнүндө.

Акын, жазуучу, котормочу, ойчул, окумуштуу, сатирик, юморист, деги койчу, ар тараптуу талант Салижан Жигитовду баарыбыз билебиз. Кеменгер Сакебиз өзүнүн ар бир эмгегине өтө чоң жооперчилик менен караган мээнеткеч инсан болгон экен. Мисалы, ал “Шуулдаба терегим, теректерим...” деген ырын кырк жыл оңдогон.
Салижан Жигитов көп окугандыгы, мээнеткечтиги, кеңири ой жүгүртө билгендиги менен кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы катарында турган.

Ал өз улутунун кемчиликтерин ачык, чучукка жеткире айтканы үчүн жарма патриоттор тарабынан далай жолу ачуу сынга кабылган, аны кыргыз улутунун душманы катары көрсөткүсү келгендер да болгон.

Сакебиз өзү жүргөн жерди дайыма тамашага бөлөп турган инсан болгон. “Менин тамашаларымдын баарында чындык камтылган сын жатат” дечү экен ал өзү.
Албетте, турмушта жеке деңгээлде бири-бирибизди сындаш оңой. Бирок элди сындоо ар кимдин эле колунан келе бербейт. Кимибиз болсок деле бирдемелерди айта берсек болот. Бирок ал чоң жоопкерчиликти талап кылат. Кезинде казак классиги Абай Кунанбаев “Дүйнөдө ууру-кескилерге сыйынган, аларды мактаган бир гана казак эли болсо керек” деп айткан экен. Салижан Жигитовдун да кыргызды сындаган бул сыяктуу сөздөрү эл ичине кеңири таркаган. “Кыргыз болуп туулган да трагедия, өлгөн да трагедия...” деп айткан кайран Сакебиз. Арийне, мындай сөздү Салижан Жигитов гана айта алмак. Ал өз билиминин жетиктиги, тереңдиги, акылынын тунуктугу, асылзаада жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү, таланты, эмгеги менен улут сынчысына айланган!

Тарыхка тереңдеп кирбей кыргыздын соңку жаңы тарыхына сереп таштасак, Салижан Жигитовдон башка Түгөлбай Сыдыкбеков, Чынгыз Айтматов, Дооронбек Садырбаев жана башка бирин-экин гана инсандар өз элинин дарегине кээде түз, кээде каймана, кээде азил-чыны аралаш сын айта алышкан. Алардын кебин эл уккан. Анан "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" деп, кыргыз эзелтен акындар менен төкмөлөрдүн сөзүнө конок берет...

Бирок андай талант, жөндөм ар кимдерде эле боло бербейт. Андай укук ар кимге эле берилген эмес. Дегинкиси, элге төбөсү көрүнүп калган атактуулар эгерде өз элин сыйлаары, барктаары чын болсо, анда элдин, улуттун дарегине сын айтардан мурда “жөн эле” куру чечендикке салбай, же эмне десем да жараша берет дебей маселенин ушул жагын эске ала жүрсө.

Кыргыз өзүнүн каада-салты, санжырасы, тарыхы, маданияты жана нарк-насили менен улук!

“Кадырлап турса кең мекен,
Каныкей болуш эмне экен…
Ардактап турса кең мекен,
Айчүрөк болуш эмне экен...” – дегенди эркегибиз да, ургаачыбыз да, түз маанисинде кабыл албай арыдан берегирек болсок...
“Даңкка жараша жүк”, “Айтылган сөз – атылган ок” деп бабаларыбыз бекер айтпаган.

Нарындыкпы, Алайлыкпы,

Нарктуу элди сыйлайлы.

Кайсы жерлик болсок дагы,

Кыргыз элин кыйбайлы!
(Асан Жакшылыков, Кыргыз эл жазуучусу)

Мелис Айдаркулов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости