www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
№47 колониянын ордуна чарчы метри 550 доллардан (ремонту менен) ашпаган көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда. Бул тууралуу ЖКнын бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик ипотека компаниясынын башкаруучулугунун төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.
Негизги учурлар:
Үйлөрдү элге "ижарага алып андан ары сатып алуу" механизми менен берүү пландалып жатат;
Бир чарчы метри 550 доллардан ашпайт, андан арзаныраак да болушу мүмкүн. Кирип жашай бергидей даяр үй болмокчу. Үйлөр кирпичтен эмес, монолиттен салынат;
Жалпы үч этап пландалды. Биринчи этапта "Кыргызстройсервис" ишканасы курулуш иштерин баштап, 416 миллион сом бөлүндү. Экинчи этап Сауд өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаты менен ишке ашат;
Биринчи этапта 11 блок, эки паркинг, бир спорт аянтча жана от казан куруу каралган. Жалпы аянты 707,5 миң чарчы метрди түзөт. Беш миңден ашык батир болот (биринчи же бардык этаптардын алкагында экени такталган жок);
Соцобъектилер үчүнчү этаптын алкагында (каражат булагы аныктала элек) курулат. Долбоор боюнча бала бакча менен мектеп каралган;
Жердин жалпы аянты — 8,8 гектар.
Эске салсак, №47 колониянын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Колония Молдовановка айылына көчүрүлгөн. Мамлекет башчы батирлер 5 500 үй-бүлөгө 20 жылга ипотекага берилерин айткан.