www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен Бишкекте курулуп жаткан 20 мектептин курулуш этабы менен таанышып, жеке көзмөлүнө алууда.
Ведомстводон кабарлашкандай, алардын бири борбор калаанын Гагарин көчөсү, 166 дарегинде курулуп жаткан 1200 орундуу окуу корпусу.
Бул объект №55 мектепке кошумча салынып жаткан окуу корпусу болуп саналат. Бүгүнкү күндө курулуш объектисинде пайдубал кую иштери активдүү жүрүп жатат.
Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, аткарылып жаткан ар бир этаптын сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп курулуп жатат. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.