www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге карата мамлекеттик каражаттарды ысырап кылуу иши боюнча чыгарылган өкүм өзгөртүүсүз калтырылды.
Маалыматка ылайык, Тбилиси апелляциялык соту мурда кабыл алынган чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу TV Pirveli телеканалы билдирди.
Сот Тбилиси шаардык соту чыгарган чечимди өзгөрткөн жок. Ага ылайык, Саакашвили жана анын мурдагы коопсуздук кызмат башчысы Теймураз Джанашия мамлекеттин бюджетине 9 миллион лари (болжол менен 3,3 миллион доллар) төлөп бериши керек.
Тергөө маалыматына караганда, Саакашвили президент болуп турган мезгилде мамлекеттик каражаттарды жеке чыгымдары үчүн пайдаланган. Айыптоолорго ылайык, бул акчага пиджактар жана пальтолор, кымбат сааттар сатып алынган, косметикалык процедуралар жасалган, учактар жана кымбат унаалар ижарага алынган, ошондой эле анын уулунун окуусу үчүн төлөмдөр жүргүзүлгөн.
Бул иш Грузияда “пиджактар иши” деген ат менен белгилүү.