www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокуратура бул факты боюнча Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш ишин козгогон.

КРдин Жазык кодексине баш багып карасак, Бишкектеги айдоочунун өлүмүнө шектелип жаткан Кайгуул милициясынын кызматкерине төмөндөгүдөй жаза берилиши мүмкүн.

Прокуратура бул факты боюнча Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш ишин козгогон.

Жазык кодексине ылайык, эгер милиционер күнөөлүү деп табылса, мойнуна 300 миң сомго чейин айып салынып, беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошону менен бирге эки жылга чейин кайсы бир кызматтарда иштей албайт. Жети жылга чейин кесилип, кийин айрым кызматтарды аркалоо учугунан эки жылга ажыратылышы дагы мүмкүн.

27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаранга табелдик куралдын огу тийип көз жумган. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кийинчерээк маркумдун келинчеги окуя боюнча буга чейин айтылган маалыматтарды төгүндөгөн видео кайрылуу таратты. Ал жолдошу милиционер менен согушпаганын, айтышып кеткендиги үчүн гана инспектор ок атканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости