www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги дүкөндөргө 13 миң сомго чейин айып пул салынды

Бишкек шаардык мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы 30-июнда санитардык эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүздү. Бул жолу соода борборлору, супермаркеттер жана гипермаркеттер текшерүүгө алынган.

Инспекциянын маалыматы боюнча, бир күндө эреже бузуулар боюнча 7 дүкөнгө карата 7 протокол түзүлдү.

Алар:

- «Brand Mixx» («Азия Молл»);

- «Skill» («Бишкек Парк»);

- «Greyder» («Бишкек Парк»);

- «Mr.Ping» Фастфуду («Бишкек Парк»);

- «Фрунзе» дүкөнү(«Бишкек Парк»);

- «Бимар» дүкөнү;

- «Fix Price» (Чүй проспектиси) дүкөнү.

Булардын ичинен «Greyder» («Коч» ЖЧК), «Фрунзе» («Партнер Кей Жи» ЖЧК) жана «Fix Price» 13 миң сом айып төлөшү керек. Калгандарына 3000 сомдон айып пул салынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости