www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
WhatsApp мессенжериндеги аккаунтту бир эле мезгилде бир нече аппараттарда колдонууга мүмкүн болгон функция иштей баштады. Бул тууралуу WABetainfo порталы жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Учурда бул параметр колдонмонун бета-версиясында гана 2.21.14.1 номери астында жеткиликтүү. Функция азырынча Android платформасынын колдонуучуларына гана жеткиликтүү, кийинчерээк бул кызматты баары колдонсо болот.
"Бир эле аккаунтту беш гаджетте колдонсо болот" деп айтылат чет элдик басылмаларда. Порталдын маалыматына ылайык, мессенжердин бета версиясы дагы "купуя сактоо" функциясын кошот.
Булак: NazarNews.kg