www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар эки айлык каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары быйылкы сессиясын жыйынтыктап каникулга тарады.

Регламентке ылайык, алар 1-сентябрга чейин эс алууга кетишет, бирок кезексиз жыйындар болуп турары айтылды.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев төрага Талант Мамытовдун кайрылуусун окуду.

«Жаңы Конституция кабыл алынганына байланыштуу бир топ мыйзамдарды шайкеш келтирүү зарылчылыгы бар. Ошондой эле COVID илдети күч алып турган чакта кезексиз сессия өткөрүү тууралуу сунуш келип түштү. Ошондуктан кезексиз сессияны 5-июлдан 30уна чейин өткөрсөк туура деп эсептейм», — деген кайрылуусун жеткирди.

Ошондой эле ал 131 мыйзам, 615 токтом кабыл алынып, 22 депутаттык комиссия иштегенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости