www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польша тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовдун Польшанын Өзбекстандагы элчиси Радослав Грук менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сылык сапардын алкагында Польшанын элчиси Радослав Грук Өзбекстанга дайындалганга чейинки ишмердүүлүгү жана элчиликтин учурдагы иш багыттары жөнүндө кыскача маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Польшанын Өзбекстан менен кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашып, экономика жана туризм чөйрөсүндө кыргыз-польша кызматташтыгын чыңдоонун мүмкүн болгон багыттары боюнча пикир алмашты.

Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусов өз кезегинде, маектешине Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде өлкөнүн тарыхый жана маданий кооз жерлери жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле, ага мындан аркы Өзбекстандагы ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кыргыз-поляк мамилелерин кеңейтүүгө ар тараптуу салым кошууга даяр экендиктерин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости