www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-спикер Аида Касымалиева саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди сындады.

Ал учурда коронавирустан каза болуп жаткандарга министрдин түздөн-түз күнөөсү бар деп эсептейт.

«Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда беш-алты миллион адам вакцина алып бүттү. Силер ошондой жумушту аткарган жоксуңар. Министр «аконит» деп канча адамдын башын айлантты. Эми «аконитовый министрге» карабастан эмдөөдөн өтөбүз деп калганда вакцина жок. Мээсинен айнып калган министриңер ушул жерге келип жооп берсин же жумуштан кетсин. Медицина кызматкерлери кантип чыдап отурасыңар, силер кесипкөйсүңөр го, айтпайсыңарбы...», — деди вице-спикер.

Мындан сырткары, ал кызыл зонада иштеген медиктер кошумча маянасын ала албай арызданып жатканын белгиледи.

Учурда ЖК депутаттары Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын соңку абал боюнча маалыматын угуп жатат. Министр Бейшеналиев ШКУнун эпидкырдаал тууралуу жыйынына катышып жатканына байланыштуу ордуна орун басары келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости