www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Потсдам шаарындагы Германиялык Жерди изилдөө борборунун илим боюнча аппарат жетекчиси, Бишкек шаарындагы Борбор-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун (БАЖПИИ) айкалышкан директору Оливер Бенс менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

​Элчи Эрлан Абдылдаев Потсдам шаарындагы борбордун жана БАЖПИИнин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен таанышты.

Жолугушуу учурунда элчи Эрлан Абдылдаев аталган борбордун жана институттун ар кайсы чөйрөлөрдө жасаган илимий жана прикладдык изилдөөлөрү керектүү экенин баса белгиледи.

БАЖПИИнин алкагында долбоордук ишмердүүлүктү кеңейтүү, айрыкча суу колдонуу, экологияны сактоо жана башка Кыргызстанга артыкчылыктуу багыттар боюнча, анын ичинде Германиянын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси “Жашыл Борбор Азия” тууралуу ой-пикир алмашуу болду.

​Андан тышкары, элчи Эрлан Абдылдаев “Кумтөр” алтын кен ишканасынын ишмердүүлүгүнөн Кыргызстанга келтирилген экологиялык зыян тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, БАЖПИИнин түзүүчүлөрү болуп КР өкмөтү жана Потсдам шаарындагы борбор саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости