www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламент “Жалган жана ишенимсиз маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган жок. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.
59 депутат макул добуш берсе, 38и каршы болду. Жалпы катттодон 97 депутат өткөн.
Бирок депутат Бактыбек Райымкулов укпай калып, кнопканы туура эмес баскандыгын айтып чыкты.
Эске салсак, 2020-жылы 26-июнда депутаттар резонанс жараткан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды жактырышкан. Жарандык активисттер, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековдон республикада сөз эркиндигине коркунуч келтирген мыйзам долбоорго вето коюуну талап кылышты. Бирок, Конституция боюнча, мамлекет башчы абсолюттук вето укугуна ээ эмес.
Чырлуу мыйзам Жээнбеков тарабынан Жогорку Кеңешке кайрадан иштелип, толукталып чыгууга жиберилген. Маалыматка ылайык, документ өзүнүн аталышын өзгөртүп, Жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору болуп ЖКнын кароосуна келген.
Булак: NazarNews.kg