www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү Жарлыктарга кол коюп, ЖК тарабынан Жарлык кабыл алынды.

Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8:00дөн тарта 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилери, аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлөрү айтылган.

Ал эми Бишкектеги коомдук каттамдар өзгөчө абал убагында деле иштей берээри маалым болду. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев бүгүнкү брифингде билдирди.

“Таксилерге келсек, жарандарды ташыган жеке таксилер дезинфекциялып туруу шарты менен иштесе болот”,-деп айткан ал. Мындан сырткары Бишкекке өзгөчө абал киргенинен улам, коменданттык саат жүрөт. Анын айтымында шаардын коноктору Бишкектен бүгүн саат 24:00гө чейин чыгып кетиши зарыл.

“Коменданттык саат 25-марттан баштап кирет жана тургундардын бир жерден экинчи жерге жетүүсүнө 20:00дөн 07:00гө чейин чектөө салынат”,-дейт Орозалиев.

Бишкекетин коменданты дүкөндөр кадимки тартипте иштей берээрин кошумчалады.

Эскертүү: Коменданттык саатты бузгандар жоопкерчиликке тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости