www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны 37ге жетти. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттерден берген маалыматында: «Акыркы 24 сааттын ичинде 3 миң 672 тесттин жыйынтыгы чыгып, 293 жаңы бейтап катталды. Аракеттерибизге карабастан оорунун айынан дагы 7 адамыбыз көз жумду», - деди.

Түркияда бүгүнкү күнгө чейин Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 37ге, вирусту жугузуп алгандардын саны 1529 кишиге жетти.

2020-жылдын 23-мартына карата COVID-19ду жуктургандардын саны дүйнө жүзү боюнча  372миң болсо, каза болгондор 15 миң кишини түздү. Вирус дүйнөнүн 200 өлкөсүнө тарап кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости