www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, Зиядин Жамалдиновду карантинге алынгандан кийин качып кеткен деген сөздөр социалдык тармакта тарап кеткен. Бүгүн, 24-мартта башкы дарыгер Болот Сатаев, депутат Зиядин Жамалдинов тууралуу айтып берди.

--20-мартта Зиядин Жамалдинов обсервацияга алынган жарандардын катарында келген. Бизде күнүнө эки жолу текшерилип турат. Баардык биз койгон талаптарды аткарууда. Айтылып жаткан маалыматтар туура эмес, - деди, дарыгер Болот Сатаев.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 23-мартында айрым маалымат каражаттары “КР ЖК депутаты Зиядин Жамалдинов карантинден качып кеткен" - деген макала чыгарышкан. Бирок, жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбегенин Ак-Кеме мейманканасынын обсервациясынын дарыгерлери тастыкташты.

Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, такталбаган маалыматтарды чыгарууда жана таратууда этияттык мамиле жасоону, ошондой эле жоопкерчилик бар экенин унутпасаңыздар! – деп жергиликтүү ММКларга Өнүгүү-Прогресс фракциясы расмий кайрылуу жасады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости