www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кургак учуктун ачык түрү менен ооруган педогог №38 мектеп-гимназиясында бир апта иштеген. Бул тууралуу NazarNews.kgге Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун орун басары Мира Иманкулова билдирди.

Маалыматка караганда мугалим 2019-жылдын сентябрь айынын башында жумушка орношуп, бир жумадан кийин сыркоолоп калгандыгына байланыштуу өргүүгө чыккан. Жумушка орношуп жатканда анын ден соолугун чыңдыгын тастыктаган бардык документтер бар болчу. Бир жума өткөндөн кийин ооруганына байланыштуу өргүүгө чыгып, андан соң жумуштан бошогон. Ошол окуядан кийин мектепте мугалим кургак учук менен жабыркаган педогог иштегендиги маалым болгон.

Ал эми окуучуларды кургак учукка карата медициналык кароодон өткөрүү буга чейин эле пландалып, кургак учук илдети менен ооруган педогогго тиешеси жоктугун Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Эске сала кетсек, кургак учуктун ачык түрү менен ооруган педогог №38 мектеп-гимназиясында бир апта иштеп, окуучуларды медициналык кароодон өтүүгө жиберилгендиги боюнча маалымат тараган болчу. Мектептин директору Роза Жумалиева дагы окуучулар планга ылайык кароодон өтүп жаткандыгын айтты.

Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун орун басары Мира Иманкулова учурда окуучулар медициналык кароодон өтүп жаткандыгын жана бул кароо 10-мартка чейин уланаарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости