www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев кыргызстандыктарды ак калпак күнү менен куттуктады.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Ак калпак эзелтеден элибизде мырзалардын салттуу баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары эсептелип, өзүнө терең улуттук философияны камтып турат.

Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, ийгилик, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!, — деди депутат К.Исаев.

Ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, төрт жылдан бери Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келе жатат. 

Булак: "NazarNews.kg"
 

Последние новости