www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз билдирди.

Өлкөнүн парламентинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктардын жүрүшү талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алдында айрым шаарларда жарандарды массалык каттоо боюнча жакында болгон окуяны эске салып, шайлоо процессинин айрым субъектилеринин мындай кадамдарына тынчсыздануусун билдирди.

Саясий партиялардын шайлоо мыйзамдарынын негизги принциптери тууралуу кабардар болуусун жогорулатуу максатында өлкө аймактарында тиешелүү семинарлар өткөрүлгөнүн айтты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, 25 айылдык кеңешке аялдар үчүн 30 пайыздан кем эмес мандатты резервдөө колдонулат. Ал алдыдагы шайлоолордо жергиликтүү кеңештерде аялдардын катышуусун 38 пайызга чейин көбөйтүүгө негиз болуп бере алат. Айылдык кеңештерге бардыгы болуп 375 депутат шайланат, алардын 142 мандатына аялдар келе алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости