www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Голливуд актеру жана АКШнын Калифорния штатынын мурунку губернатору Арнольд Шварценеггер уруксаты жок робот-түгөйдү жасоодо анын образын колдонгон россиялык Promobot компанияны сотко берди. бул тууралуу TMZ порталы билдирди.
Шварценеггердин кызыкчылыгын коргогон компаниянын айтымында, россиялык фирма актердун укукгун коомчулукка мыйзамдын чегинде колдонгон эмес. Доогер жоопкерден Шварценеггердин образын колдонбоону жана 10 миллион доллар талап кылып жатат.
Доогердин документинде көрсөтүлгөндөй, “Промобот” актердун робот-түгөйүн өзүнүн продукциясын сатуу жана аны жарнамалоо үчүн коомдук иш-чараларга колдонуп келет.
Порталдын маалыматы боюнча, ушул жылдын январь айында Лас-Вегастагы Шварценеггердин образындагы роботту CES көргөзмөдө колдонушкан. Ошондон кийин эле актердун адвокаты Марти Сингер россиялык компанияга кайрылып, актердун образын колдонууну токтотууну суранган. Маалым болгондой “Промобот” компаниясы токтотконун жарыялаган. Бирок, февраль айында аны кайрадан Нью-Йоркто өткөн оюнчуктардын көргөзмөсүнө чыгарган.
Өткөн жылдын октябрь айында “Промобот” компаниясынын “Сколково” резидент фонду Петербургда өткөн Synergy Global Forumда Шварценеггерге анын робот-түгөйүн көрсөтүшкөн.
Компаниянын өкүлү РИА Новостиге билдиргендей, ага жана бардык өнөктөштөргө аябай жаккан. Робот өзүнүн “прототипин” толугу менен окшоштурат. Ал көзү, кашы, оозу, моюнун кыймылдата жана сүйлөй алат. Андриоддин “келбети” адамдын 600дөн ашуун микромимикасын ишке ашырат.
Мындан да реалдуулукка жакындатуу үчүн россиялык адистер роботко өзүнүн жаңы “келбетин” ойлоп тапкан. Ошондой эле жасалма терини чыгарууда өзүнүн технологиясын колдонушкан.
“Промобот” компаниясы 2015-жылы Пермь шаарында негизделген. Россияда, Түндүк жана Чыгыш Европада робот чыгаруучу эң ири компания болуп эсептелет. Промоботторду администратор, промоутер, консультант жана гид катары адамдардын жумуш ордун толуктоого колдонушат. Promobot роботтору Москванын метросунда, Россиянын заманбап тарыхынын музейинде, Сбербанкта иштешет.
Булак: NazarNews.kg