www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги микроавтобустун айдоочулары пандемияга байланыштуу жол кирени 20 сомго көтөрүүнү суранышууда. Бул тууралуу "Автобус Альянсы" Ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди.

Анын айтымында, учурдагы алгоритмине ылайык, салондогу кишилердин саны 70-80 пайыздан ашпашы керек.

“Учурдагы тариф чыгымдарды да актабайт. Ошондуктан, өзгөчө кырдаалдар режиминде төлөө акысын убактылуу көтөрүүнү суранабыз. Жүргүнчүлөр орундуктарга 20 сом төлөөгө даяр. Ишканалар жабылбайт. Адамдар кандайдыр бир жол менен иштеши керек. Коомдук транспорттор жана таксилер дем алыш күндөрү жүрбөйт. Жумушчулар иш ордуларына кантип барышат? Эгер жол кире көтөрүлсө айдоочулар орундуктун санынан ашык киши салышпайт. Салондогу кишилер түшсө гана башка жүргүнчүлөр алынат. Бул байланыштарды минималдаштырат”,- деди ал.

Григорий Николаиди бул сунуш эпидемиологиялык комиссияда, республикалык штабда, Транспорт министрлигинде өткөн жыйындарда айтылганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости