www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук колдонуучусу Бакыт Мырзалиев "фейк" деген сөздү кыргызчалады. Алсак, “Фейк десе көбү өзүн "шпион" акылдуудай элестетет. Фейк кыргызчасы "гөркоо" деп эле түшүнүш керек. Адамдын акыркы сорту. Коркок өзүнүн көз карашын ачыктай албагандан кийин, вагондоп ушак таратса деле ким угат. ФБ да пикириңерди жазганда анализдеп, ким тараптан, өзүн личность катары көрсөтө алгандардын (жашынган гөркоолөрду эмес) сөзүнө кошулгула!”,-деп жазып чыкты.

Эске сала кетсек, кечээ 25-июнда Ак үйдүн алдында сөз эркиндигин жана интернетти чектөөгө каршы пикет өттү. Бул иш-чараны уюштуруу демилгеси акыркы күндөрү социалдык тармактарда көтөрүлүп, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана катардагы жарандар бүгүн чогулууну чечишкен.

Ал эми ошол эле күнү парламенттин жыйынында "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө"  мыйзам долбоору талкууланып, көпчүлүктөн колдоо тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости