www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бийлик элден коркуп өзгөчө абал киргизе алган жок  Мындай пикирди экс-депутат Исхак Масалиев социалдык тармактагы жеке баракчасында бөлүштү.

“Эмне маанилүү-бийликпи же ден соолукпу? Өзгөчө абалды киргизүүгө зарылдык жоктугун Боронов айтты. Айыкпас вирусту жуктургандар тездик менен өсүп жатат. Эми адамдар дал ушул оорудан улам көз жумушат. Анда эмне үчүн бийлик чектөөлөрдү киргизбейт? Менин оюм боюнча эки себеп бар:

Биринчиси – бийликтин элден коркуусу. Өзгөчө абалда элди багуу керек, бирок бюджетте акча жок. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, эл бийликти тарыхтын таштандысына ыргытат. 

Экинчиси - кандай гана болбосун, күзүндө парламенттик шайлоо өткөрүү зарыл. Адамдар ооруп калышса да, жабыр тартышса да биз Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлайбыз, андан кийин гана оору менен күрөшөбүз.  Жөнөкөй жана уятсыз. Эгер жаңылышып калсам, аябай сүйүнөм", - деп жазган ал.

Эске сала кетсек, бүгүн, 26-июнда Короновирус менен күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында өлкөгө өзгөчө абалды киргизүүнүн зарылдыгы жок деген чечим кабыл алганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости