www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушунда 13 жаштагы өспүрүм өлтүрүлдү. Бул тууралуу шаар тургундары жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

Окуя болжол менен саат 9-11лерде болгон, ата-энеси үйдө болгон эмес. Бишкек ШИИББдин жетекчилиги жана Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары жеринде иш алып барууда.

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы сөөктүн табылышы боюнча нөөмөт бөлүмүнө чакыруу саат 12: 00дө түшкөнүн билдирди. Жеринде Биринчи Май РИИБдин тергөө-ыкчам тобу иштеп жатат.

Маалыматка ылайык, жабырлануучунун бир тууган агасы дайынсыз болуп жатканы айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости