www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү мекемесинин 8,5 гектар жерине жаңы шаарча куруу планын карап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) аталган жер тилкени 486 миллион сомго баалаган.

Жапаров буга байланыштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнө сунуш берди.

«ЖАМК «эгер 486 миллион сом таап берсеңер шаардан чыгып кетебиз» деп жатышат. №47 түзөтүү мекемесинин 8,5 гектар жерине «Бишкек сити» аймагын курбайлыбы. Президенттин «керек болсо Италиядан архитектор чакырып, акчасын төлөп бергиле» деген тапшырмасы бар. «Бишкек ситиден» тышкары шаарда 40 гектар жер даярдалып жатат. Ал кайсы жер экенин кийинчерек айтайын. Комплекстүү иштерди аткаралы», - деди Жапаров.

Бишкекте 1960-жылдары курулган №47 түзөтүү мекемеси шаардын батыш тарабында жайгашкан. Былтыр жыл башында аны Аламүдүн районунун Молдовановка айылына көчүрүлөрү айтылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости