www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Демократиячыл популярдуу гезит жабылууда

Гонконгдун популярдуу демократиячыл Apple Daily гезити апта аягында жабыларын жарыялады. Шаршембиде директорлор кеңеши “азыркы шарттарды эске алуу менен” онлайн жана кагаз түрүндө басуу 26-июнда токторун билдирди. Мунун алдында басылманын башкы редактору жана беш кызматкери улуттук коопсуздук мыйзамын бузган деп кармалып, гезитке ээлик кылган компаниялардын 2,3 миллион доллар каражаты камакка алынган.

Полиция чет өлкөлөрдү Гонконгго жана Кытайга каршы санкция салууга көндүрүү аракетинин далили деп Apple Daily гезитине жарыяланган ондогон макаланы келтирген.

Басылманын кожоюну жана негиздөөчүсү, миллиардер Жимми Лай шаарда 2019-жылы тутанган демократиячыл акцияларга катышкандыгы үчүн кесилген. Ага улуттук коопсуздук тууралуу мыйзамдын алкагында дагы бир нече айып тагылышы мүмкүн.

Эл аралык коомчулуктун сынына кабылган сөз болгон жобо бир жылдай мурун күчүнө кирген. Бээжин жана Гонконг бийликтери мыйзам стабилдүүлүктү көздөөрүн айтышса, оппоненттери анын жардамы менен башкача пикирдеги жарандардын добушун басуу аракети көрүлгөнүн белгилешет.

Мыйзам ишке киргенден бери 100 чакты активист кармалды.

Гонконг Кытайдын бир бөлүгү болгону менен “бир өлкө, эки система” принцибине таянып башкарылат. Башкача айтканда, Британиянын мурдагы колониясы өз алдынча сот системасына ээ, аймакта сөз эркиндиги, маалымат каражаттарынын ачыктыгы камсыздалган.

Бирок жергиликтүү активисттер, укук коргоочулар жана Батыш өлкөлөрү Бээжинди акыркы жылдарда ошол эркиндиктерди, автономияны четинен жок кылууда деп айыптап келатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости