www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда ишкерлер менен жолугушуу учурунда энергетика жана өнөр жай министринин кызматтан алынышынын бир себебин атады.

Буга чейин ишкер Рахат Ирсалиев ички инвесторлор тарабынан чакан ГЭСтерди курууга болот деп билдирген. Анын айтымында, маселени тез арада чечүү үчүн мамлекет тарабынан тарифти белгилөө керек, анткени бүгүнкү күндө бул маселе чечиле элек.

Ошондой эле чакан ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясын Улуттук Энергохолдинг сатып алууга 100% кепилдик бериш керек.

Ал эми ишкерлер насыя алуунун булактарын өз алдынча таба алышат, аларга мамлекеттин кепилдиги керек, деди ал.

«Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга ондогон жылдар талап кылынат. Эң негизгиси мамлекеттин акчасынан бир тыйын да кетпейт, биз бардык тобокелдиктерди өз мойнубузга алабыз», - деди Р.Ирсалиев.

Ишкер 2018-2020-жылдары эки ГЭСтин курулушу үчүн алынган насыяны азыркы күнгө чейин төлөөгө мажбур болуп жатканын айтты.

«Ушул себептен январь айында Садыр Нургожоевич сиз менен жолугушуп, эмне керек деп сурагаңызда, мен өзгөртүүлөрдү киргизишим керек деп айткам. Сиз өзүңүздүн сунуштарыңызды бериңиз дедиңиз. Мен февраль айында Энергетика министрлигине сунуштарды бергем, маселе чечиле элек», - деди Р.Ирсалиев.

Президент ишкер Рахат Ирсалиев туура айтканын билдирди.

«Мен октябрь айында келип, ноябрь-декабрь айларында ошол мезгилдеги министрди чакырып, Рахат Ирсалиев менен жолугушуп, мамлекет электр энергиясын кичи ГЭСтен түз сатып алсын дегем. Рахат Ирсалиев үч жылдын ичинде үч чакан ГЭС курду, бирок мамлекет электр энергиясын сатып албайт, линияга туташтырбайт — эч нерсе кылбайт. Ал [Р.Ирсалиев] биткойндорду [ГЭСке] салууга мажбур болгон. Мен министрге келишим түзүп, электр энергиясын 1 кВт.саат үчүн 2 сом 90 тыйындан түздөн-түз сатып алууну тапшырдым. Анткени ал кезде электр энергиясын импорттоо 2 сом 90 тыйын болчу, учурда 2 сом 70 тыйын.

Министр «ооба» деп жооп берди. Бир нече айдан кийин мен мурдагы министрден сурасам, ал чакан ГЭСтер боюнча маселе чечилди, келишим түзүлгөн деп жооп берди. Ошондон бери маселе чечилди деп ойлогом. Бир ай мурун мен сизге чалып, маселе чечилдиби деп сурасам, маселе чечилген жок дедиңиз.

Мен дагы бир жолу мурунку министрге: «Эмне үчүн маселени чечкен жоксуз? Сиз маселе чечилди дебедиңиз беле?» дедим. Ал маселе чечилди деп дагы бир жолу калп айтты. Энергетика министринин алмашуусунун бир себеби ушул. Эгерде мамлекет электр энергиясын чакан ГЭСтерди курган ишкерлерден сатып албаса жана биз сатпасак, анда биз чакан ГЭСтерди кантип өнүктүрөбүз? Аларды ким курат? Кайсы ишкер кызыкдар болот? Эгерде мамлекет линияга туташпаса, алар кызыкдар болбойт. Ошондуктан мен бүгүн маселе чечилдиби деп сурадым, мурунку министр мага маселе чечилди деп отчёт берген», - деди Садыр Жапаров.

Андан кийин ал жолугушууга азыркы Энергетика жана өнөр жай министри катышып жатабы деп сурады жана анын орун басары Таалайбек Ибраев катышып жатат деген жоопту алып, жума күнгө чейин Рахат Ирсалиев менен келишимди жана электр энергиясын Кыргыз Республикасы канча сомдон импорттой турганын талкуулап, көйгөйдү 100% чечип, андан кийин саат 17: 00дө ага отчёт берүүнү буйруду.

«Сизге эки күн мөөнөт. Эгерде эки күндүн ичинде чече албасаңыз, дагы кечиктирсеңиз, саботаж болсо, анда бардык жетекчилик мага арызыңар менен келиңиздер.

Мындан ары да ушундай саботаж жасап, жарлыктарды аткарбай, бюрократия менен алектенсеңер анда жөн гана кызматтан кетпестен, түрмөгө камаласыздар. Мен муну бардык ишкерлердин жана элдин алдында айтам. Мындан ары эч кандай бюрократия болбошу керек. Эгерде сиз мурда бизнесмендерди артыңыздан чуркап жүрүүгө аргасыз кылган болсоңуз, министрлер, ким болсо дагы — мамлекеттик кызматкерлер эми инвесторлордун артынан чуркап, инвестиция салууга үндөшүңүз керек. Антпесе биз өлкөнү өнүктүрүп-өстүрө албайбыз.

Азыркы күнгө чейин министрликтерде бир нече айдан бери бүтпөгөн документтер бар, бекитүүгө жиберилген документтер жылдап, айлап ошол жерде жатат.

Ошондуктан, тез иштегиле, ишкерлерди коргогула, шарт түзгүлө, эми алардын артынан чуркашыңар керек, мезгил өзгөрдү», - деди президент.

Андан ары Р.Ирсалиев Бишкек ЖЭБи жыл сайын 1 млрд кВт / сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгарын, анын өздүк наркы 3 сом 60 тыйын экенин айтты. Ал эми жаңы тарифтик саясат боюнча кичи ГЭС менен максималдуу тариф 2 сом 52 тыйын болсо, 1,3 коэффициент менен тариф 3 сом 27 тыйынды түзөт.

«33 тыйындык айырма бар, аны 1 млрд кВт саатка көбөйтсөк, жылына 330 миллион сом чыгат. Түтүн борборду каптап кетпеши үчүн, жарандар оорубашы үчүн чакан ГЭСтерден да ошондой эле көлөмдөгү электр энергиясын алса болот», - деди Р.Ирсалиев.

Ошондой эле, Р.Ирсалиев чакан ГЭСке жер бөлүп берүү маселесин чечип берүү боюнча облустук администрациялардын бирине кайрылганын жана бул маселени чечүү жарым жылга созулганын айтты.

Анын ою боюнча, мунун бир себеби облустук администрациянын жана жер комиссиясынын мүчөлөрүнүн сабатсыздыгы. Мен атайын «Гипроземден» жана Маданият министрлигинен корутунду бердим, алар дагы кат аркылуу сурап, дагы бир жолу ошол эле жоопту алышты. Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басарынан акыры буйрук талап кылып, андан кийин гана жерди трансформациялашты. Андыктан жергиликтүү райондук администрацияларга катуу көрсөтмөлөрдү бериңиз, антпесе көптөгөн ишкерлер бул көйгөйлөргө туш келишет», - дейт Р.Ирсалиев.

С.Жапаров жергиликтүү бийликке маселени тезинен чечүүнү тапшырды.

Президент ошондой эле Энергетика министрлиги Сокулукта 10 мегаваттык кичи ГЭС куруп жаткан инвестор менен келишим түзүп, мамлекет алардан электр энергиясын сатып алсын деп тапшырма берди.

«Мындан ары биз күчтөнүп, кыска убакыттын ичинде — 1-2 жылда чакан ГЭС курушубуз керек», - деди Жапаров.

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Каржы министрлиги жыл сайын 2 млрд 600 млн кВт саат сатып алууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле «Мостэнергопроект» менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Алар 12 долбоорду иштеп чыгууга даяр, «Ташкентпроект», «Ленинградпроект» жана «Ереванпроект» менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, деди ал.

«Бизде долбоор жок, жылдын аягына чейин 100гө жакын долбоор даярдайбыз. Ишкерлер, келгиле, иштегиле. Жер маселесин дагы, башка маселелерди дагы чечебиз. Акчаңар болсо, келгиле, сатуу базары бар. Мындан ары чакан жана орто ГЭСтер боюнча көйгөйлөр болбойт», - деди А.Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости