www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги 13 сейил бакта жайгашкан 36 соода орду ижарага берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардан арыздар эртеңден тарта кабыл алына баштайт. Ижарага ала турган орундарда балмуздак, суусундук, кофе, попкорн, таттуулар, балдар оюнчуктары, китептер сатылып, велосипед, балдар унааларын жана каркастуу батуттарды ижарага берүү каралган.

Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечими боюнча, бир жаран бир соода орду үчүн арыз тапшырууга укуктуу. Ижара акысы бир жылдык мөөнөткө толук төлөнүшү зарыл. Анын өлчөмү комиссия тарабынан белгиленет.

Ижарага берүү боюнча арыздар Шевченко көчөсү, 25 (бирдиктүү терезе) дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн: 0 312 97 91 95 телефонуна кайрылуу керек.

Последние новости