www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июлдан тарта Бишкектеги бардык соода борборлоруна жана супермаркеттерге кечки саат 21:00гө чейин иштөөгө уруксат берилди. Тийиштүү буйрукка борбор калаанын мэри Азиз Суракматов кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Аянты 100 чарчы метрден ашкан соода объектилери, супермаркеттер, соода борборлору, комплекстер, дүкөндөрдүн тармактары күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн 21:00гө чейин иштейт.

Соода борборлорунда жайгашкан азык-түлүк дүкөндөрү иштебейт. Кафе жана ресторандар, ошондой эле башка тамак-аш соода түйүндөрү эртең мененки саат 10:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Тамак-аш жеткирүү кызматтары санитардык нормаларды так сактоо менен иштөөгө, тамак-ашты чектөөсүз алып кетүүгө болот.

Коомдук транспорттор дем алыш күндөрү каттамга чыкпайт, иш күндөрү эртең мененки саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана 17.00дөн 21:00гө чейин иштейт.

Борбор калаадагы базарлардын иши саат 09:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Тыюу салынат:

- көчө соода жана тейлөө объектилери (батут, велосипедди жалдоо пункттары жана башкалар);

- тойканалар жана оюн-зоок мекемелеринин иши (түнкү клубдар, барлар, караоке клубдары жана башкалар);

- балдар аянтчалары жана көңүл ачуучу жайлар.

Жогорудагы иш-чаралар атайын буйрук кабыл алынганга чейин, башкача айтканда, Бишкек шаарынын аймагындагы эпидемиологиялык кырдаал жакшырмайынча күчүндө болот жана менчик ээсине карабастан, бардыгы үчүн милдеттүү болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости