www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвага жакын жайгашкан Подольск шаарында кыргыз мигранттары көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түшкөн 4 жаштагы баланы сактап калышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандар Ульянов көчөсүндөгү 19-үйдүн алдындагы чөптү чаап жатышканда, баланын кыйкырганы угулган. Алар 4 жаштагы бала терезеде асылып турганын көрүшкөн. Кыргыз жарандары менен кошуналары баланы тосуп алууга жетишишкен. Бала куткарылгандан кийин жарым сааттан соң Тез жардам жана өрт өчүрүүчү унаа келген. Баланын кошуналарынын айтымында, бала 15 мүнөт терезеде асылып турган.

Окуя болгон учурда баланын апасы мас абалында үйүндө уктап жатканы, үйдө шал оорусуна чалдыккан баланын чоң энеси жана 1 жаштагы иниси да бар болушканы аныкталган. Бала Тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилип, иниси менен чогуу балдар үйүнө өткөрүлүп берүүсү күтүлүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости