www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болливуд актёру, продюсер Сону Суд пандемияга байланыштуу Кыргызстандан мекенине кайта албай жаткан индиялык студенттерди алып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурууда. Ал бүгүн, 22-июлда ишке ашмакчы. Бул тууралуу актёр Твиттердеги баракчасына жарыялады.

"Кыргыз өлкөсүндөгү бардык студенттерге үйгө кайтуучу мезгил келгенин кабарлайм. Биз Бишкек-Варанаси алгачкы чартердик каттамын уюштуруп жатабыз. Чартердик каттам 22-июлда болот. Каттам тууралуу толук маалымат почтаңарга жөнөтүлөт. Башка өлкөлөргө болгон чартердик каттамдар да ушул апта ичинде уюштурулат", - деп жазган актер.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргыз өлкөсүндө окуган индиялык студенттер коронавирус пандемиясынан улам Индияга кете албай калып, бир нече индиялык белгилүү адамдардан социалдык тармак аркылуу жардам сурап кайрылышкан. Сону Суд 4 миңдей студентти Индияга алып кетүүгө убада берген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости