www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Екатеринбург шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда массалык мушташ болуп өткөнү тууралуу NazarNews маалымат агенттиги жазган. Окуянын чоо-жайы боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы кеңсесинен маалымат беришти.

Министрликтин маалыматына караганда, 19-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары Екатеринбургдун турак жайларынын бириндеги аянтта мушташкан. Жаңжалдын себеби, бир нече тажик балдары кыргыз кызына тийишкен. Жаңжалга эки тараптан 10-15 адам катышкан. Чыр турмуш-тиричиликтеги себептерден улам келип чыккан.

"Улуу муундагылар жана активисттер чыр-чатакты токтотууга жетишти. Бирок жабыркагандар бар. Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүндө окуя расмий түрдө катталган, окуя болгон жерди полиция кайгуулга алынган.

Ошол эле күнү WhatApp мессенджеринде тажиктерди бир кыргызды өлтүрүп салган деген жалган маалымат менен кыргыз жаштарына чагымчыл чакырыктар тарай баштады. Билдирүүлөр биригүүгө жана тажиктерден өч алууга үндөгөн", - деп айтылат маалыматта. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жаңжалдын күчөшүнө жол бербөө максатында кыргыз жана тажик коомдук уюмдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өткөрүүнү пландаштырууда.

Укук коргоо органдары мекендештерди кылмыш жоопкерчилигинен оолак болууга, ишенимсиз кабарларды мессенджерлерде жана социалдык тармактарда таратпоого үндөдү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү социалдык тармактарда жайылтылган билдирүүлөрдү көзөмөлдөөдө. Алар мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости