www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облустук сотунда биринчи жолу соттук процесстер Нарындагы №24 тергөө абагы менен онлайн тартибинде өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган соттук мекемеден билдиришти.

Анда айтылгандай, соттук коллегия 21-июлда соттолуучулардын жана алардын жактоочуларынын апелляциялык даттанууларынын негизинде эки жазык ишин жана бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча бир ишти видеобайланыш аркылуу карады.

Жазык иштери боюнча соттук отурумдар бир жактоочунун ооруп калгандыгына, үчүнчү иштин жактоочусу жакында пневмониядан каза болгондугуна байланыштуу кийинки мөөнөттөргө жылдырылды.

Соттук мекеме бул аракеттер айыпталуучуларды соттук отурумдарга атайын транспорттор менен ташуу жана кайтаруу маселелериндеги түйшүктөрдү азайтып, аларга каралган материалдык чыгымдарды кыскартууга да шарт түзөрүн маалымдады.

Нарын облустук сотунан билдиришкендей, корановирус пандемиясынан улам, өлкөдөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу, абакта отурган, оор кылмыштар боюнча айыпталгандардын соттук отурумдары аймакта акыркы үч-төрт айдан бери токтоп турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости