www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясы расмий түрдө каттала элек Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бир тууган жездеси Аннаназар Режепов коронавирустан каза болду. Бул тууралуу саясат таануучу, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

"Президент Бердымухамедовдун эжесинин күйөөсү Назар Режепов коронавирустан каза болду. Эске салсак, Евразия чөлкөмүндө ушул убакытка чейин жалгыз Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө илдет жок деп билдирип келет. Мындан тышкары, президенттин эжеси Дурдынабат Режепова ИВЛ аппаратына туташтырылган", - деп жазган Дубнов.

Ошондой эле Дубнов Аннаназар Режепов жана анын уулу Түркмөнстандагы эң мыкты административдик, чекене жана өндүрүштүк объектилерге ээ болгон бир нече компанияларды көзөмөлдөп, кирешелүү өкмөттүк келишимдерди, анын ичинде Ашхабад-Түркмөнабат автожолун куруу боюнча келишимди 2 миллиард 300 миллион долларга алгандыгын жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости