www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги саясий эксперт Табылды Акеров менен биригиптир, оппозицияга өтүптүр деген саясатчылар тууралуу баарлаштык. 

-Табылды  мырза, Бабанов менен Туйгуналы Абдраимов бириксе эле бийликти алып ала турган күчкө ээ болушабы?

-Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын угуп жатабыз. Бирок биригишеби же жокпу, азырынча белгисиз.

-Бабанов эмнеге шайлоого барбайм деп жатат? Жер үйдөгү коррупциялык аракеттерим чыгып калат деп  коркуп жатабы?

-Өмүрбек Бабанов өзү өтө сак саясатчы. Айрым учурларда бул анын өзүнө деле зыян алып келип жатат. Бирок анын натурасы ошондой. Мисалы, Жер үйдө Ө.Бабанов менен Атамбаев орусиялык бизнесмен Мусаевге эч кандай келишимсиз эле өткөрүп берип коюптур деп жатышты. Башкача айтканда, Жер үйдөн Кыргызстанга бир тыйын да пайда жок деп чуу көтөрүп жатышат. Бул абалды Өкмөт дагы, Бабанов дагы элге түшүндүргөн жок. Тагыраагы,  Ө.Бабанов менен Атамбаев бул проектиде кылмыш кылса, анда азыркы бийлик, премьер-министр, генпрокурор, УКМК жана башкалар  алардын кылмышын жаап, жашырып, кылмыш кылып жатышат да. Эгер Ө.Бабанов кылмыш кылбаса, анда ал мурдагы эле позициясын карманып, убактылуу чоң саясаттан кете турайын деген пикирде. Башкача айтканда, Парламенттик шайлоолорго катышпайт. Бирок 2023-жылкы президенттик шайлоолорду көрө жатаарбыз деп жатышы мүмкүн.

-Демек, парламенттик шайлоолорго барбай коюшу мүмкүнбү? 

-Ооба. Менимче, Ө.Бабанов ыңгайлуу мүмкүнчүлүк пайда болбосо, парламенттик шайлоолорго барбашы мүмкүн. 

- Эл кырылып аткан мезгилде бийлик алмаштыруунун айласын издөө акылга сыябы?

-«Ата мекен», «Республика», «Реформа» партиялары 4-октябрга белгиленген шайлоолорду кийинкиге жылдыруу тууралуу маселени көтөрүп жатышат. Бул оппозициялык багыттагы партияларга мүнөздүү позиция. Булар оппозиция катары бийликти шайлоочулардын алдында ыңгайсыз абалга алып келүүгө аракет кылышат. Бул турган иш. Бардык дүйнө өлкөлөрүндө ушундай негизде күрөш жүрүп турат. Албетте, бирок бул чээнден чыкпаш керек. 

-Президенттин шайлоо өз убагында өтөт дегени шайлоого бойкот болсун дегендерге жооп болдубу?

-Президент С.Жээнбеков акыркы мезгилдерде күздөгү шайлоолор боюнча мамлекет башчы катары КР Конституциясынын талаптарына ылайык кезектеги парламенттик шайлоолорду 4-октябрга белгиленгенин билдирди. Конституциясынын талаптарына ылайык Президент парламенттин мөөнөтү аяктап баратканда жаңы шайлоолордун мөөнөтүн аныктайт. Ошон үчүн Сооронбай  Жээнбеков коомчулуктун эсине шайлоолор 4-октябрга белгиленгенин эскертти.

Бирок коронавирус боюнча  абал Президент. С.Жээнбеков жана өкмөттүн көзөмөлүндө. Эгер абал курчуп бараткан болсо, анда Прездиент да, Өкмөт да кезексиз сессия чакыртууга укуктуу.  Мисалы, эгер депутаттар каалагандай, азыр кезексиз сессия чакыртылса, парламент өз демилгеси менен эч кандай чечим кабыл ала албайт. Алар адеп өкмөттү угат. Эгер Өкмөт абалды турукташтырып жатабыз. Бир же эки жумадан кийин баары жайында болот, убакыт бергиле десе, анда кезексиз сессия аларга убакыт берип тарап кетет. Бүгүн баары өкмөттөн көз каранды. Өлкөдөгү абалга толугу менен Өкмөт жооп берет.

-Коомчулукта элдин кырылышына жол берген кылмышкер бийлик деген сөздөр айтыла баштады. Бул нерсе аша чапкандыкпы же туура дооматпы?

-Бул маселеде бир нерсени унутпашыбыз керек. Коронавирус бул бүт дүйнөнү чулгуп, байлап алды. Дүйнө бүт коронавирус менен күрөшүп жатат. Анын дарысы табыла элек. Ошон үчүн  бардык өлкөлөрдө медициналык кызматкерлерге ишенич чоң болуп жатат. Врачтар гана бул илдетти ооздуктап, бул ооруга кайсы бир деңгээлде туруштук бериши мүмкүн болуп жатат. Коронавирусту илимпоздор да так изилдеп бүтө элек. Албетте, ошон үчүн адашуу болушу мүмкүн. Коронавирустун биринчи толкунунда активисттер, эксперттер, журналисттер өтө көп жазып жатты. штаб иштеп жатты. Бирок иштеринде анча-мынча жетишпегендик байкалып турду. Ошон үчүн  вице-пермьерлер алмашты. Экинчи толкунунда Премьер алмашты. Бирок, менимче, штаб коронавирустун биринчи толкунунан жыйынтыктарды чыгарбаганы көрүнүп турат. Экинчи толлкунунда алгач күндөрү эле адамдар көп өлүп жатты. Адеп эле пневмания менен коронавирустан өлгөндөрдүн сандарынын айырмасы асман менен жердей болду. Мисалы, 46 адам пневманиядан өлгөндө, коронавирустан өлгөндөр 6-7 адам болуп жатты. Бул көрсөткүч бүгүнкү күнгө чейин сакталып келатат. Кечээ жакында эле өлгөндөрдүн саны 83 адамга жетсе, анан алтынчы  күнү 73, жекшемби күнү 70 адам болду, ал эми дүйшөмбү күнү 34 адам болду, анын экөөсүү коронавирустан.

-Эмнеден өлүп жатат дейсиз? Мисалы, айрым врачтар мунун хлор менен базарларды, шаарларды тазалагандан адамдардын өпкөлөрү жабыркап калышы мүмкүн дешүүдө?

-Ооба мурдагы совет өлкөлөрүндө  шаарларды, базарларды хлор менен тазалап жатышат дешүүдө. Хлордон адамдардын өпкөлөрү жабыркап, адамдар ооруп, өпкөсүнө суу толуп кетип өлүүдө деген пикир бар. Мисалы, Кара-Балта шаарында базарга хлор чачылгандан кийин, ооругандардын саны кескин көбөйүп, оору көпчүлүк айылдарга тарап кеткенин айтышат. Албетте, башка шаарларда кандай болгону белгисиз. Бирок менимче, ошондой болгону менен, көпчүлүк учурда, советтик медициналык системанын эски стереотиптери көпчүлүк учурда адамдардын өлүмүнө алып келип жатышы мүмкүн. Мен өзүмдүн туугандарымдын, досторумдун ооруп, кантип врачтарга көрүнүп, кантип айыгып жатышканынан ушундай жыйынтыкка келдим. Биринчиден, бир үйдө ата-бала ооруду дейли. Врачка барганда аларды эч нерсе сурабай туруп эле, температура болгондугун билгенден кийин коронавирус деп жыйынтык чыгарып, температураңыз 37 болсо, 38, 5 чейин организм өзү күрөшөт. Мына бул дарыларды ичип, үйүңүзгө жата бериңиз деп кетирип жиберип жатышат. Анализ тапшырууга келгенде бир жума кезек күтүү керек. Бир жумадан кийин бир үйдөн бир киши гана анализ тапшырат деп жатышат. Атасы балам аман калсын деп, баласын тапшыртып, өзү экинчи жумага калып жатат. Экинчи жумада атасынын анализи чыкканда, атасы коронавирус эмес, эки жагынан пневмания болуп калууда. Атасы менен баласынын диагнозу эки башка чыгып калган учурлар бар. Ошентип, атасы 50-60 жашта болсо, анализ чыккыча эле, анын организми күрөшө албай калып, ал өлүп калып жатат го дейм.

Менин туугандарымда атасы менен баласы бир үйдө жашаганы менен экөөнүн диагнозу эки башка болуп чыккан учурлар болду. Эки жумадан кийин диагнозу коюлганда атасы эки-үч күндүн ичинде айыгып кетип жатат. Эң негизгиси меселе диагнозду тез жана туура коюда болуп жатат. Экинчи проблема, штаб биринчи короновирустан эч жыйынтык чыгарган эмес. Адамдар пневмониядан өлүп жатканын билгенден кийин, дароо бул ооруга өзгөчө мамиле кылыш керек эле.

Мисалы, кант диабети бар, жүрөгүнөн же өпкөсүнөн ооругандар жана башка ар кандай коронавирус учурунда козголуп кетүүчү оорулуулардын баары врачтардын атайы тизмесинде да. Ошолордун баарын эгер ооруп калса, биринчи кезекте стационарларга жаткырып, караш керек болчу. Бирок мындай аракетер болбой, оорулууларды өзүнчө группаларга бөлбөй, баарын бир позицияда кароонун негизинде биз бир топ адамдарыбызды жоготуп алдык көрүнөт. 

Эгерде биринчи коронавирустан жыйынтык чыгарылганда вице-премьер илимдин доктору, саламаттыкты сактоо министри илимдин доктору болушу керек эле. Кыргызстанда штаб пневмонияга коронавирустай мамиле кылып, организм өзү күрөшөт дебей, оорулууларды алгачкы күндөн баштап, жетиштүү караганда, мынча өлүм болбойт болчу деп ойлойм. Коронавируста чын эле организм 10-12 күн күрөшөт экен. Бул анык болду. Бирок пневмонияда организм күрөшө албай, өпкөгө суу толуп кетип, адам өлүп калып жатпайбы.

Ошондуктан, эки ооруга эки башка мамиле кылганда, бизде өлүмдүн саны аз болмок деп олойм. Үчүнчү катачылык, штаб врачтарды чогуу кармап, чоң-чоң залдарды стационар катары албай, олигархтарга, бинесмендерге кичи 2, 10, 40, 60 кишилик стационарларды ачууга уруксаат берип койду. Врачтар чачырап кетти. Учурунда Чубак ажы мечиттерди стационар катары колдонууга берели деп сунуш киргизгенде, ага макул болгондо, врачтар чачыранды болбой, баары бир жерде аракеттенип, бирин-бири колдоп, бирине-бири жардам берип, иш алда канча эффектидүү болмок. Мечит да психологиялык жактан адамдарга бекем болууга жардам бермек.

Эл ооруса мечитке барып дем салдырып жатышпайбы дегендей.

-Коронавирус менен күрөшүү боюнча алынган гранттарды жана карыздарды албай койсо болот беле?

-Мен буга чейин Кыргызстандын запасы бар, бюджет кенен экен деп ойлочумун. Коронавирус башталганда байкап калдым, Кыргызстан өзүн 1-2 ай да бага албайт экен. Казынада акча жок экенине таң калып жатам, 30 жыл эмне кылганбыз? Бул жерде бир нерсени айта кетиш керек. Дагы жакшы С.Жээнбеков мурда премьер- министр болуп иштеп калып, өлкөнүн абалын жакшы билет экен. Биринчи күндөрдөн тартып, эл аралык уюмдарга, банктарга кайрылып, бүгүн 600 миллиондон көп акча табылган. Бирок эми анын баары айлык-акы, пенсия, пособияга кетип жатпайбы. Мен бул акчаларга ар бир областка жана Бишкек жана Ош шаарларына бирден оорукана салынат деп ойлогом да. Көрсө, ал акчалардын баары бюджеттегилердин айлык-акы, пенсия, пособияларына кетет экен. Бул өтө өкүнүчтүү. Ошон үчүн  бүгүн активисттер катуу талап коюп, ал акчаларды коррупционерлердин чөнтөгүнө түшүп калбасын деп, тыкыр контролдоп жатат. Бул туура эле. 

-Тез жардам унааларын да кымбат алгандары апааттан пайда көрүү аракетиби? 

-Бүгүн бул проблема соцтармактарда катуу талкууга алынып жатат. Мен бул иште канчалык коррупция бар экенин азыр айта албайм. Бирок коомчулук дайыма бийликтин аракетинин контролдоп турушу шарт. Буга бийлик деле анчейин тырчыйбашы керек. Тендер туура өтсө эле болгону. Бирок туура өтпөсө, анда мыйзам алдында жооп беришет. 

-Эмнеге эл дары таппай жатса, дарыларды каткан кампа табылды дешет да алардын аты- жөнүн атагандан  коркушат? Же бул нерсе жөн эле шоу беле?

-Ооба. Өкмөт бир топ кампаларда дарылар катылып жатканын жар салган. Кимдер болду экен деп, коомчулук кулак түрүп калган. Анан эле баарын жымжырттык басты. Кызык болду. Бул баягы, 7-апрель революциясынан кийин Убактылуу Өкмөт террористтерди кармадык деп жар салып, анан бир да террористти көрсөтө албай койгон учурга окшош болуп калды. Кыязы, жең ичинен сүйлөшүүлөр жүрүп, бармак басты, көз кысты кылып тынышкан окшойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости