www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана аны таратууга тиешеси бар шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана аны таратууга байланышкан кылмыш ишин катташкан. Анын негизинде баңги каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүү менен алектенген жарандардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча операция ийгиликтүү жүргүзүшкөн. 

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бишкек шаарында жайгашкан үйлөрдүн биринен өсүмдүк жана жарым синтетикалык өнүмдөгү заттар табылып алынган: кара куурай, марихуана, героин. Андан сырткары, чегүү жабдыктары мундштуктар, кальян, жана шприцтер табылган. Табылып алынган баңги каражаттарынын жалпы салмагы 4 килограмм 686 граммды түзөт. Шектүү катары шаардын тургуну кармалды. 

Тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлдү. Азыркы учурда жогорудагы кылмыштуу ишмердүүлүккө тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча атайын тергөө амалдары жүрүүдө. 
Булак: NazarNews.kg

Последние новости