www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ачарчылык эмнеден улам чыгат? 1929-1930-жылдары Совет мамлекети коллективтештирүү саясатын баштайт. Анча-мынча айыл жеринде колунда бар адамдардын азык-түлүктөрүн тартып алышып, өздөрүн кулак катары Сибирге айдашат. Азык-түлүк, данды бийлик өнөр жайлуу аймактарга ташып кеткен. Казакстанды, Украинаны, дан берген орус аймактарын улуу ачарчылык каптайт. Казактар тентип кошуна мамлекеттерге, союздаш республикаларга кире качат.Бул ачарчылыкта казак элине кыргыздар кол сунат. Миңдеген адамдар өлгөн бул улуу ачарчылыкта эгер кыргыздар жардам бербегенде казактардын көбү кырылып калмак. Ак-Төбө облусунун акимине казак активисти  Турар Кусаинов 110 миң кишини репрессиялаган, 25 миң кишини атып өлтүргөн ошол кезде Казакстанды жетектеген Левон Мирзояндын эстелигин тыптыйпыл жок кылып, ордуна казак элине жардамга келген өкмөт башчысы Жусуп Абдырахмановдун эстелигин тургузуу керек экендигине чакырды. Ошол мезгилде казак элинин 48 пайызын камтыган бул ачарчылыкта, Сталинден коркпой жардамга келген мындай кыргыз жигиттери да болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости