www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Семей шаардык акимчилигинин имаратында бомба бар экендиги тууралуу билдирүүдөн кийин 170 киши эвакуацияланды. Анонимдүү телефон чалуу полицияга 27-апгустта болжол менен саат 13:00дөрдө келип түшкөн.

Полиция аймакты курчоого алып, өрт өчүрүүчүлөр жана сапёрлор келди.

17:00гө карата жардыруучу затты издөө иштери аяктап, имараттын ичинен бомба табылбаганы белгилүү болду.

Бул акыркы бир айдын ичинде Семейде бомба тууралуу үчүнчү анонимдүү телефон чалуу. 9-августта шаардагы соода борборлордун бирине жана турак-үйгө бомба коюлгандыгы тууралуу кабар болгон. Анда 200дөн ашык киши эвакуацияланып, бирок жардыруучу зат табылган эмес. Полиция бул жөнүндө кабар берген адам аныкталган-аныкталбагандыгы боюнча маалымат бере элек.

Казакстанда терроризм актысы тууралуу жалган маалымат үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу же 33 миң долларга жакын өлчөмдө айып пул салуу жазасы каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости