www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия мамлекети Бишкектеги "Вефа" соода борборун кайтарып алуу үчүн Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. 

Маалыматка караганда, Түркия мамлекети Бишкектеги “Вефа” соода борборун кыргыз компаниядан кайтарып алууну көздөп, Жогорку сотко кайрылган.

“Түркия мамлекетинин кызыкчылыгын коргогон жактоочулар, кыргыздардын “Аруу Жылдыз” аттуу компаниясы аталган соода борборун мыйзамсыз сатып алган деген жүйөө менен сотко кайрылышкан”,-деп билдирди басма сөз кызматынан.

Эске салсак, бул соода борбору 2006-жылы түрк инвесторлору тарабынан салынган. 2016-жылы түрк компаниясы аны Кыргызстандык компанияга саткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости