www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан 2019-жылы Казакстанга 10 000 тонна кийим экспорттогон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, өткөн жылы Казакстан чет өлкөлөрдөн 670 600 000 АКШ долларга (62 000 тоннадай) жеңил өнөр жай товарларын импорттогон.

Бул продукциялардын дээрлик жарымы (31 000 тонна) Кытайдан келет. Башкача айтканда кытайлыктар Казакстанга 181 800 000 долларга кийим саткан.

Экинчи орунда орусиялыктар турат. Алар Казакстанга 10,5 миң тонна кийим экспорттоп, 195 миллион доллар алышкан.

Үчүнчү орунга ушундай эле көлөмдө кийим жеткирүү менен Өзбекстан илинген. Бирок анын кирешеси 10 эсеге төмөн.

Ошондой эле, Казакстанга Түркия, Бангладеш, Беларус өлкөлөрү дагы жеңил өнөр жай продукцияларын экспорттойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости